• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мектеп окуучулары катышкан «Жаш долбоорчу – 2019» сынагы жыйынтыкталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. Мектеп окуучулары арасында өткөрүлгөн «Жаш долбоорчу – 2019» сынагы жыйынтыкталды.

Сынак Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаевдин демилгеси менен уюштурулуп, Ош шаарындагы 52 мектеп катышкан.

Аталган долбоордун негизги максаты - окуучуларды долбоор жазууга шыктандыруу, алардын мектепти өнүктүрүүгө багытталган идеяларын жүзөгө ашыруусуна шарт түзүү болуп саналат. Мектеп окуучулары ортосунда өткөрүлгөн долбоор жазуу сынагында сунушталган эмгектердин арасынан "Электрондук китепкана" ачууну көздөгөн окуучулардын долбоору мыкты деп табылып, каржылык колдоо алышкан. Жыйынтыгында мектепте электрондук китепкана ачылып, мектеп турмушунда ийгиликтүү долбоор болуп калган.

Жеңишке жеткен окуучуларды эл өкүлү куттуктап, заманбап долбоордун зарылдыгын жана окуучуларга пайдалуу экендигине токтолду.

Эл өкүлү буга чейин да мектеп окуучуларынын, жаштардын интеллектуалдык, көркөм ой жүгүртүүсүн жогорулатууга багытталган көптөгөн иш-чараларды демилгелеп, уюштуруп жана колдоо көрсөтүп келет.

Пикир

Оставить комментарий