• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Мектеп окуучулары Таиландда химия боюнча өткөн эл аралык олимпиадада коло медаль тагынышты

Коом 0

Бишкек, 17-июль /Кабар/. “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин окуучулары химия боюнча Таиландда өткөн 49-эл аралык олимпиадада эки коло медаль утушту. Бул тууралуу аталган мектептин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, олимпиадага жалпысынан 76 мамлекеттен 304 окуучу катышкан.

Таластагы “Манас Ата” лицейинин 11-классынын окуучусу Саиддин Автандил жана Кадамжайдагы “Семетей” лицейинин 10-классынын окуучусу Баяман Базарбаев аталган олимпиадада коло медалдын ээси болушту.

Ошондой эле, “ICHO 2017” сынагында Кыргызстандын командасында 2016-2017-жылдардагы Менделеев олимпиадасынын коло медалынын ээси, Таластагы “Манас Ата” лицейинин окуучусу Ильяс Батырбеков жана Оштогу “Сема” лицейинин окуучусу Эржигит Абдыкерим уулу катышкан.

“International Chemistry Olympiad 2017” олимпиадасынын жеңүүчүлөрү химия тармагын тандаган мектеп окуучуларынын эң жогорку көрсөткүчү болуп эсептелет. Бул аянтча дүйнөдөгү алдыңкы окуу жайларга катталууга мүмкүнчүлүк берет.

Пикир

Оставить комментарий