• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мектеп окуучуларынын райондук олимпиадасы 19-январда башталат

Билим 0

Бишкек, 13.01.23. /Кабар/. 2022-2023-окуу жылындагы окуучулардын республикалык олимпиадасынын II (райондук) этабы 19-20-январда өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Райондук этапка мектептик баскычта 1-2-3-орунду алган окуучулар катышат.

Олимпиаданын райондук, облустук жана республикалык этаптарына тапшырмалар Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан түзүлөт. Олимпиада күндөрү жер-жерлерде олимпиаданын жүрүшү боюнча суроолорго жооп берүү жана чараларды көрүү үчүн министрликте ыкчам байланыш телефондору иштейт.

Байланышуу үчүн телефондор: 0312 66 23 70, 0701 74 48 03

Пикир

Оставить комментарий