• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мектеп окуучусун өлтүрө сүзүп кеткен милиционер убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Кырсык 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Чүй облусундагы Сокулук районунун Новоповловка айылында мектеп окуучусун өлтүрө сүзүп кеткен милиция кызматкери убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу облустук милиция кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн Сокулук районун ИИБне Новопавловка айылында болгон жол кырсык тууралуу маалымат келип түшкөн.

“Кырсык болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн. Бишкек-Ош унаа жолунун 9-чакырымында саат 07:10до “Ауди-А6” унаасы жолду өтүп бара жаткан 11 жаштагы К.Б. аттуу мектеп окуучусун коюп кеткен. Унааны 23 жаштагы А.К. аттуу айдоочу башкарып келе жаткан. Алган жараттардан улам бала ошол жерден көз жумган”, - деп берилет маалыматта.

Айдоочу Чүй облусу боюнча патрулдук милиция кызматынын улук кызматкери экендиги тастыкталган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, айдоочу соо болгон.

Аталган факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталфп, айдоочу убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тиешелүү экспертизалар дайындалып, унаа айып унаа токтотуучу жайга жеткирилген.

Бул материал боюнча сотко чейинки териштирүүлөр жүрүүдө.

Андан тышкары Чүй облустук милициянын ички иликтөө кызыматы тарабынан кызматтык иликтөө башталган.

Пикир

Оставить комментарий