• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мектеп программасына шахматты киргизүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 31.05.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Мектеп программасына шахматты киргизүү пландалууда.

“Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Кыргызстандын шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов бүгүнкү күндө өлкөдө шахматты үйрөткөн мугалимдердин саны аз экенин маалымдады.

“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен биздин ортобузда меморандумга кол коюлган. Аталган окуу жайды бүтүргөндөр бизден дагы окуудан өтүп, сабак берсе алабыз. Бул кадрдык маселени чечсек болот. Алсак, жылына 500 бүтүрүүчү болсо, анын 100 мугалимин окутуп, облустарга бөлүштүрүп койсок. Анын ал жерлердеги мектептерде пилоттук класстарды ачуу зарыл”, - дейт ал.

Турпанов дүйнөнүн бир катар өлкөсүндө президент өзү шахматты өнүктүрүү программасын колдоп берерин белгилейт.

“Жылдын аягына чейин ушул багытта долбоорду даярдайбыз. Кадр, методика жана каржы маселесин чечишибиз керек. Шахматты улуттук кызыкчылык деген деңгээлге жеткиришибиз абзел”, - деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда биринчи жолу балдар үчүн кыргыз тилинде шахмат ойногонду үйрөткөн "Шахмат Алиппеси" китеби жарык көрдү.

Пикир

Оставить комментарий