• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мектепке балдарды электрондук каттоонун экинчи этабы башталат. Өзгөчөлүгү эмнеде?

Коом 0

Бишкек, 23.06.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматтык камсыздоо секторунун жетекчиси Расул Маматов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында балдарды 1-класска мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, мектепке каттоонун экинчи этабы 27-июнда саат 09:00дө башталат.

“Мектептерге кабыл алууну бирдиктүү маалыматтык система аркылуу каттоонун биринчи этабы 2022-жылдын 11-апрелинде башталган. Биринчи этапта кабыл алууда ата-энелердин юридикалык каттоосу жана бала менен базадагы туугандыгы текшерилип, ошонун негизинде мектептерге кабыл алынган. Экинчи этап ушул жылы 27-июнда саат 09:00дө башталат”, - деди ал.

Маматов белгилегендей, экинчи этаптын өзгөчөлүгү жарандар юридикалык каттоосунан көз карандысыз эле бош орун бар каалаган мектепке жазыла ала тургандыгында.

“Ата-энеден бир эле бала менен базадагы байланышы талап кылынат. Байланышты текшерүү үчүн биздин системада “туугандыгын текшерүү” деген атайын сервис жасалган. Ошол жерге ата-эненин жана баланын жеке идентификациялык номери жазылат, ошонун негизинде туугандыгын текшере алат. Туугандык текшерилгенден кийин ата-эне тийиштүү жолчолорду толтуруп, Кыргызстан боюнча каалаган бош орун бар мектепке кирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт”, - деди Маматов.

Бөлүм башчы система азыркы кезде “Инфоком” мамлекеттик ишканасы тарабынан техникалык жактан экинчи этапка даярдалып жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, биринчи этаптын жыйынтыгы менен жалпы бөлүнгөн квотанын 45%ы толуп, тактап айтканда, 73 миң 81 бала мектепке кирген. Калган 86 миң 758 орун экинчи этапка өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий