• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мектепке чейинки билим берүү – бул келечектеги ийгиликтүү билим алуунун негизи

Аналитика 0

Республиканын алыскы аймактарында 1-сентябрда 100 бала бакча ачылат. Бул КР Өкмөтүнүн 3 жаштан 5 жашка чейинки балдарга мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү маселесин чечүүдөгү дагы бир кадамы болуп саналат.

Жакынкы мезгилге чейин өлкөдө бала бакчалардын жана мектепке даярдоо борборлорунун курч жетишсиздиги байкалган. 5 жыл мурда республикада 698 мектепке чейинки билим берүү мекемеси иштеп келген. Бул 1990-жылдан дээрлик 2,5 эсеге аз, анда мындай уюмдар 1696га жетип, ар бир үчүнчү бала бала бакчага барган. 2010-жылга карата өлкөнү мектепке чейинки мекемелерди мыйзамсыз сатуу жана менчиктештирүү толкуну каптаган. 1500дөн ашык объект жеке менчикке өтүп, бүт тутум толук кыйроого учуроо коркунучуна туш болгон.

Бул тармакты калыбына келтирүүгө өкмөттүн акыркы беш жылда аткарган жигердүү аракеттеринин жана сабаттуу саясатынын натыйжасында мүмкүн болду. Өлкөдө жаңы бала бакчалар жана мектепке чейинки билим берүү борборлору пайда болуп жатат. Жыл башынан бери премьер-министр Сооронбай Жээнбеков түштүк аймактагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ачылышында болуп, Талас жана Чүй облустарында бала бакчалардын курулушу менен таанышты. Жергиликтүү коомчулук менен жолугушууда министрлер кабинетинин башчысы бир нече ирет “татыктуу билим – бул келечектеги ийгиликтин ачкычы” экенин кайталап жүрдү жана ошондуктан Өкмөт менчиктештирилип кеткен мектепке чейинки билим берүү мекемелерин кайтаруу жана куруу иштерин улантат.

“Акыркы беш жылда Кыргызстандын Президенти жана Өкмөтү тарабынан билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулууда. Билим берүү тутумун жакшыртуу жана өнүктүрүү максатында республикалык бюджеттен каражаттар бөлүнүп, донордук уюмдар тартылат. Азыркы тапта КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан мурдагы жылдары мыйзамсыз менчиктештирилген мектептке чейинки билим берүү мекемелеринин бирдиктүү базасы түзүлгөн. Муну эске алуу менен бала бакчаларды мамлекеттик жана муниципалдык менчикке кайтаруу иштери жүрүүдө. Учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте 114 бала бакча кайтарылды”, - деди Жээнбеков Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагында бала бакчанын ачылышында.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча учурда Кыргызстанда 1524 бала бакча иштейт. Алардын 274 – мамлекеттик, 1007 – муниципалдык жана 301 – жеке. Бул мекемелерде 189 миң бала мектепке чейинки билим алат. Бала бакчага барбаган кенже кыргызстандыктар үчүн мектеп алдындагы атайын программа иштелип чыгып, жабдуулар менен жабдылган, окуу-усулдук, көрсөтмө куралдары бар 4 миң класс даярдалган. Өткөн жылы республикалык бюджеттен мектепке чейинки билим берүүгө 1,9 млрд сом, 2017-жылы 2,3 млрд сом бөлүнгөн.

Өкмөт мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматтарын каржылоонун заманбап түрүн ишке киргизип, сынап көрүүдө. Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарындагы сынамык мекемелер бир бала үчүн жылдык акы төлөө принцибине өткөрүлөт. Тутум мындай мекемелерди мамлекеттин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинен жана ата-энелер тарабынан каржылоонун ар бирин так аныктайт. Жаңы модель бардык балдар үчүн бирдей жана калыс мектепке чейинки билим берүү кызматтары менен камсыздайт.

Дагы бир мектепке чейинки билим берүүнүн теңдигин кепилдеген прогрессивдүү чара катары өлкө боюнча балдарды бала бакчага алуунун электрондук кезегин атоого болот. Электрондук кезектин башкы максаты – балдарды кабыл алуунун ачык-айкындуулугун камсыздоо, коррупцияны четтетүү. Өткөн жылы электрондук кезек Бишкек, Ош жана Жалал-Абадда сыналган. Эми программа бүтүндөй өлкө боюнча киргизилүүдө.

Алыскы жана чектеш аймактарда мектепке чейинки билим берүү мекемелерине альтернатива жамааттык бала бакчалар болду. Аларды түзүү демилгесин эл аралык уюмдар көтөрүшкөн. Бүгүн өлкөдө 221 жамааттык бала бакча бар. Бул мекемелер салттуу түрүнөн балдар эки смена менен окушканы менен айырмаланат. Бир топ түшкө чейин, кийинкиси түштөн кийин окуйт. Жергиликтүү бийлик органдары чакан имараттарды (демейде 1 бөлмө) берип, тарбиячыларга жана окутуучуларга айлык төлөшөт. Донорлор коммуникацияны жүргүзүү, окуу материалдары, оюнчуктар, эмерек менен камсыздоо, мугалимдерди окутуу чыгымдарын өзүнө алышат. Көпчүлүк бала бакчалар андан аркы камсыздоого жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өткөрүп берилди. Бирок, Билим берүү министрлигинде тышкы каржылоосуз жамааттык бала бакчалар иштей албасын, аларга азыртан мамлекеттик коргоо керек экенин айтып тынчсызданып жатышат.

Өкмөт парламент менен бирге “Мектеп чейинки билим берүү жөнүндө” КР мыйзамына “жергиликтүү коомчулуктарга жамааттык бала бакча түзүү укугун” бекиткен өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карап жатат. Бул аркылуу жамааттык бала бакчалардын иштешинин укуктук негизи түзүлөт.

Бала бакчалардын саны мектепке чейинки билим берүүнүн сапаты менен бирге өсүүсү керек. С.Жээнбеков белгилегендей, “Өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири өсүп келе жаткан муунга сапаттуу билим алуу шарттарын түзүү” болуп саналат. Өткөн жыл бою 662 тарбиячы квалификациясын жогорулаткан. Быйыл Билим берүү жана илим министрлиги 1-класска кирген балдардын психологиялык-педагогикалык даярдыгын аныктоо үчүн мектепке даярдоонун сапатына мониторинг жүргүзүүгө өттү. Мындан тышкары, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин адистери өкмөт менен эл аралык донорлордун биргелешкен аракеттеринин жыйынтыгында окутуудан өтүп жатышат. Алсак, “КРда мектепке чейинки билим берүү” программасынын (Бүткүл Дүйнөлүк банкы каржылаган) алкагында 900 тарбиячы билимин жогорулатты. Долбоордо жаңы бала бакчаларда иштей турган 310 педагогду даярдоо каралган.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий