• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Мектепке электрондук каттоо: Чүйдүн эки районунун тургундары балдарын Бишкектин мектептерине каттай алат

Билим 0

Бишкек, 31.05.21. /Кабар/. Эми Чүй облусунун эки районунун тургундары балдарын Бишкек шаарынын мектептерине каттай алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 15-февралынан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта, Токмок, Каракол, Нарын, Талас, Баткен жана Кара-Суу шаарларында “Мектепке балдарды электрондук каттоо” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу 2021-2022-окуу жылына 1-класска балдарды кабыл алуу жүрүүдө.

Ал эми бүгүн, 31-майдан тартып Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунун тургундары үчүн “Мектепке балдарды электрондук каттоо” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу балдарын микроучастоктон тышкары Бишкек шаарынын мектептерине каттай алышат.

Арыз берүүчү – баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлү 15-августка чейинки мезгилде мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарындагы 1-класстан орун алуу үчүн ошол мектептеги окутуу тилин эске алуу менен онлайн режимде www.mektep.edu.gov.kg сайтындагы “Мектепке балдарды электрондук каттоо” автоматташтырылган маалыматтык системасына мектеп курагына жеткен (6-7 жана андан жогору жаштагы) баласын каттоого милдеттүү.

Пикир

Оставить комментарий