• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мектепке кетип кайтып келген эмес: Ошто 13 жашар Аяна изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 26.10.18. /Кабар/. Ош шаарында кечээ, 25-октябрда 13 жаштагы Аяна Кочкорбаева болжол менен түштө мектепке кетип, үйүнө кайтып келген эмес. Ата-энеси Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы менен биргеликте кызды издешүүдө.

Алар кайдыгер карабаган жарандарды кызын издөөгө жардам берүүгө чакырууда. Алардын маалыматына караганда, Аяна Райымбеков көчөсүндө жайгашкан Нариман атындагы №7 орто мектепте окуйт.

Өзгөчө белгилери:

- Бою 150-155 сантиметр;

- Чачы кара узун, өзү кара тору;

Ал ачык түстөгү хиджаб, кочкул кызыл түстөгү жилет, ак кофта жана боз юбка кийип жүргөн. Бутунда кочкул кызыл түстөгү кроссовка болгон.

Кыздын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы болгон адамдар төмөнкү телефондор аркылуу байланышка чыкса болот: (03222) 6-55-10, 8-55-11, 0772-41-41-70, 0705-25-52-77, ошондой эле Ош шаарынын милиция бөлүмүнө да кайрылууга болот.

Пикир

Оставить комментарий