• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мектепте 12 жылдык окуу. 1-класска баргандарга социалдашуу, оюн аркылуу окутуу каралган

Билим 0

Бишкек, 08.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифинг учурунда Кыргызстан 12 жылдык мектеп билим берүүсүнө өтсө, 1-класска баргандарга кандай билим берилерин айтып берди.

Жусупбекова 1-класска (ред.: азыркы 0-класс) барган окуучуларга оюн методологиясы иштелип чыгарын айтат.

“Ар 10 мүнөт сайын оюн өткөрүп туруу каралууда. Балдар топ-топ болуп иштешүүнү, бири-бирине суроо берүүнү, ага жооп берүүнү жана көңүлүн бир жерге топтоого үйрөнүшөт. Башкача айтканда, социалдашуу процессинен өтөт. Балдардын өзгөчөлүгүн эске алып программа түзүлөт. Ал эми 2-класстан баштап кадимки окутуулар башталат”, - дейт ал.

Жусупбекова 12 жылдык окутууга дароо өтпөй, этап-этабы менен жүрө турганын белгиледи.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстан 12 жылдык мектеп билим берүүсүнө эмне үчүн өтүшү керектиги тууралуу министрлик түшүндүрмө берген.

Пикир

Оставить комментарий