• 84.45
  • 88.22
  • 1.39

Мектептеги ок атуу. Садыр Жапаров Владимир Путинге көңүл айтты

1550 кароо Президент 0

Бишкек, 26.09.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге Ижевск шаарындагы мектептеги ок атуудан адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Россия Федерациясынын Удмурт Республикасынын Ижевск шаарындагы №88 мектепте ок атуудан адамдардын курман болгондугу тууралуу кайгылуу кабарды абдан өкүнүч жана кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана бул трагедиядан жабыркагандардын бардыгынын тезирээк сакайып кетишин каалайм.

Орду толгус жоготуунун азасын жана кайгысын тең бөлүшөм”, - деп айтылат Мамлекет башчынын телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий