• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мектептеги төлөм. Мугалим акча талап кылса чара көрүлөрү айтылды

Коом 0

Бишкек, 13.09.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Мугалим мектептеги төлөмдү төлөө боюнча акча талап кылса, ага карата чара көрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев билдирди.

“Мектептерде ата-эне комитети бар. Биринчи суроо: “Кимге каражатты берип жатасыңар?” Эгерде мугалим талап кылса ага сөзсүз чара көрүлөт. Конституцияда негизги билимди бекер берүү керектиги жазылуу. Бирок мүмкүнчүлүк болсо мектепке жардам бериш керек. Мурун мектеп 21 пункт менен каржыланып, бардыгы жетиштүү болчу. Бүгүнкү күндө андай эмес”, - дейт ал.

Үсөналиев белгилегендей, мектептерде мыйзам боюнча каражат чогултууга тыюу салынган.

“Эгер ата-энелер биригип, “төлөбөйбүз” десеңер, мыйзам чегинде төлөбөйсүңөр”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 15-сентябрда мектептерде окуу салттуу түрдө (офлайн) башталат.

Пикир

Оставить комментарий