• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мектептеги ысык тамактан үнөмдөлгөн 180 миллион сомду дезинфекциялоо иштерине бөлүү сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 29.10.20. /Кабар/. Мектептеги ысык тамактан үнөмдөлгөн 180 миллион сомду дезинфекциялоо иштерине бөлүү сунушталууда. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, мектеп окуучулары биринчи чейректи онлайн режиминде окугандыктан ысык тамакка кеткен каражат үнөмдөлгөн.

Бейшеналиев окуучулардын мектептен окуусуна кайтып келүү үчүн Республикалык штаб жана Саламаттык сактоо министрлигине сунуш берилгенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий