• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мектептер 1-сентябрдан тартып билим берүүнүн жаңы системасы менен иштейт

Билим 0

БИШКЕК, 12.08.17. / Нуркыз СабыроваКабар/. 2017-жылдын 1-сентябрынан тартып республикадагы бир катар мектептер билим берүүнүн жаңы системасын тестирлөөнү баштайт. Бу тууралуу педагогикалык кеңештин жүрүшүндө Билим берүү жана илим министри Гүльмира Кудайбердиева билдирди.

«2015-жылы өлкөдө биринчи ирет билим берүүнүн жаңы стандарттары бекитилген. Ага ылайык, 33 жаңы окуу куралдары иштелип чыккан. 1-сентябрдан тартып, бир катар пилоттук мектептер жаңы системага өтүшөт. 2017-2018-окуу жылынын жыйынтыгы менен жаңы системанын кемчиликтери жана күчтүү жактары белгилүү болот. Андан соң гана бул программаны массалык түрдө ишке киргизебиз»,- деди Гүльмира Кудайбердиева.

Жаңы программа менен мугалимдерди тааныштыруу максатында Чолпон-Атада бардык облустардагы билим берүүнүн кызматкерлеринин, жетекчилердин катышуусунда «Кыргызстандын мектеби: Жаңы чечимдер жана келечек» аттуу педагогикалык кеңеш уюштурулган. Бардык катышуучуларга жаңы программаны практика жүзүндө ишке ашырууга багытталган куралдар тапшырылды.

Жаңы системага ылайык, мектептерде англис тилин окутууга өзгөчө көңүл бөлүнүп аны окутуунун сааты көбөйөт. Ал эми информатика сабагы 7-класстан эмес, 5-класстан, ошондой эле, орус, өзбек, тажик мектептеринде кыргыз тилин чет тили катары окутуу программасы ишке ашат.

Пикир

Оставить комментарий