• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мектептер арасындагы II Республикалык театралдык фестиваль аяктады

Маданият 0

Бишкек, 25 марта /Кабар/. КР Маданият, маалымат жана туримз министрлиги, КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан орто мектептер арасындагы II Республикалык театралдык фестивалдын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 24-мартта Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик Улуттук орус драма театрында өткөн сыйлык тапшыруу салтанатына Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархад Бекманбетов, ведомствонун искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Дамира Алышпаева, билим берүү министрлигинин өкүлдөрү жана жюрилер катышты. Алар жеңүүчүлөргө диплом жана сертификаттарды тапшырды.

Калыстардын чечими менен байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

Гран-при, 70 миң сом – Кара-Балта маданият үйүнүн театралдык студиясы «Теремок» спектакли менен.

1-орун, 60 миң сом - Каракол шаарынын №11 мектеп-гимназиясы «Закым кубалган балдар» спектакли;
2-орун, 50 миң сом –Чон-Алай районунун Ак-Суу орто мектеби, «Азаттык ыры» спектакли;
3-орун, 40 миң сом – Ак-Талаа районунун Э.Мейманов атындагы орто мектеби «Жетим ата» спектакли.

Ошондой эле, жигердүү катышуусу үчүн 10 миң өлчөмүндөгү байге төмөнкүлөргө тапшырылды:

- Ош шаарынын Алишера Навои атындагы орто мектеби,
- Талас облусунун Ы.Израилов атындагы мектеби,
- Баткен облусунун Б.Нарматов атындагы орто мектеби,
- Бишкек шаарынын №59 орто мектеби,
- Чүй облустук Т.Кожомбердиев атындагы орто мектеби.

Пикир

Оставить комментарий