Мектептерде мамлекеттик аттестациялоо санитардык талаптарды сактоо менен өткөрүлүп жатат – Билим берүү министрлиги

Билим 0

Бишкек, 02.06.20. /Кабар/. Мектептерде мамлекеттик аттестациялоо санитардык талаптарды сактоо менен өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-июнда Кыргызстандагы мектептерде 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик аттестациялоо башталды.

Билим берүү жана илим министрлигинин убактылуу жобосуна ылайык, ар бир мектепте, кааналарда бардык санитардык эрежелерди аткаруу менен аттестациялоо жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу быйыл бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик сынактарды тапшыруу форматы өзгөргөн. Ар бир предмет боюнча комиссия түзүлдү. Комиссия курамы бүтүрүүчүнүн буга чейинки текшерүү, практикалык, лабораториялык иштеринин жыйынтыктарын жана чейректик, жарым жылдык, жылдык жетишүүсүн эске алуу менен жыйынтыктоочу экзамендик бааны коёт.

Жалпы мамлекеттик аттестация 2-июндан 13-июнга чейин беш предметтен өтөт.

Пикир

Оставить комментарий