• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мектептерде окуу онлайн режиминде башталабы? Мэриянын жообу

Билим 0

Бишкек, 05.07.20. /Кабар/. Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева ата-энелерге мектепке карата балдарына кийим-кечелерди алууга шашылбай турууну сунуштады. Анткени, окуу онлайн түрүндө башталат.

Иманалиева маалымат жыйынында билдиргендей, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жаңы окуу жылы аралыктан окутуу менен башталат.

“Коронавирустун жайылуу коркунучу бар, ошондуктан Билим берүү министрлиги жаңы окуу жылын аралыктан окутуу менен баштоо чечимин кабыл алды. Бүгүнкү күндө биринчи класстын окуучулары боюнча маселе талкууланууда. Ата-энелер буга тынчсызданууда, анткени балдар азырынча мектеп процесстерине көнгөн эмес. Министрликтин алдында эксперттик кеңеш түзүлдү. Ал, бул маселени талкуулап жана биринчи класстын окуучулары менен кандай иш алып баруу сунуштарын иштеп чыгат. Августтун ортосунда белгилүү болот”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий