• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мектептерде жана бала бакчаларда жаңы жылда пиротехникаларды колдонууга тыюу салынды

Коом 0

Бишкек, 21.12.18. /Кабар/. КРнын билим берүү жана илим министрлиги мектептерде жана бала бакчаларда пиротехникаларды (петарда, фейерверк, салют сыяктуу жарылуучу заттар) колдонууга тыюу салды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Малыматка ылайык, министрликте атайын буйрук кабыл алынып, анда мектепке чейинки жана жалпы орто билим берүү мекемелеринде жаңы жылдык майрамдарда жарылуучу заттарды колдонууга катуу тыюу салынат.

Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө жаңы жылдык иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү маалында өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча чараларды көрүү тапшырмасы берилген.

Пикир

Оставить комментарий