• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мектептердеги акча чогултуу, курулушка каражат бөлүү, интернет менен камсыздоо маселелери аткаруу бийлигине багытталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 09.11.17 /Кабар/. Бүгүн, 9-ноябрда Жогорку Кеңеш жыйынындагы “Ар кыл маселелер” саатында билим берүү жаатындагы көйгөйлөр көтөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Тазабек Икрамов мектептерде ата-энелерден акча чогултуу чектен ашып баратканын айтып, Өкмөттү бул жагымсыз көрүнүштү көзөмөлдөөгө чакырды. Депутат Евгения Строкованын пикиринде, ата-энелердин жардамысыз билим берүү кыйынчылыкка кабылат.

Баткен облусунун түзүлгөнүнө 17 жылдын жүзү болду. Облус түзүлүшү менен ачылган Баткен мамлекеттик университети бала бакчанын имаратына жайгашкан. Эми аталган университетке деп бөлүнгөн жерге имарат курууга тендер өткөрүлүп, курулушу башталды. Депутат Карамат Орозованын маалыматы боюнча, окуу жайдын курулушуна Баткендеги аэропорттун жетекчилиги каршы чыгууда. “Ички иштер башкармалыгынын имараты дагы аэропортко жакын жерде ачылганда ага каршылык болгон эмес. Эми 360 метр алыстыктагы БатМУга имарат салууга эмнегедир каршы болуп жатат”,- дейт депутат.

Депутат Дамирбек Асылбек уулу Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Шапак мектебинин курулушу башталып бүтпөй жаткандыгына көңүл бурду. “Түп районунун борборунда курулуп жаткан спорттук залдын абалы деле ушундай. Бул курулуштарга каражаттардын бөлүнүшү боюнча маалымат бергиле”,- дейт эл өкүлү Өкмөткө кайрылып.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы 25 миң калктуу Үч-Коргон айыл өкмөтүндө бир да мектеп, бала бакча салынган эмес. Бул тууралуу депутат Умбеталы Кыдыралиев маселе көтөрдү. Анын пикиринде, бул айыл өкмөтүнө дагы “чек арага танапташ айыл” макамын берүү керек.

Маалыматтык саясатты ишке ашырууда санариптик берүүнүн мааниси зор. Депутат Айтмамат Назаров Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы бир топ айылдарда санарип тартпай жатканын сынга алды. Эл өкүлү санариптик берүү менен камсыздоодо айрым иштерди ансыз деле дотацияда отурган айыл өкмөттөргө тапшыруу туура эместигин билдирди.

Жыл башында тармактык министрлик тарабынан баардык мектептер интернет менен туташтырылат деген маалымат таратылганын айткан депутат Музаффар Исаков интернет менен камсыздоо боюнча эмне болуп жатканы тууралуу Өкмөттөн маалымат сурады.

Пикир

Оставить комментарий