• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мектептердеги акча чогултуулар токтотулат

Билим 0

Бишкек, 13-июнь /Салтанат Абдраева – Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте мектептердеги бардык акча чогултууларга жана 1-класска кирип жатканда ата-энелерден акча алууга тыюу салган буйрук чыгарат. Бул туурасында бүгүн билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

Анын айтымында, майда окуу жылы аяктап калганда министрлик тарабынан акча чогултууларды токтотуу боюнча тапшырма берилген.

“Биз Бишкек шаарынын мэриясы менен бирге мектептердеги бардык акча чогултуу процесттерин токтотуу боюнча буйрук чыгаруу чечимине келдик”, - деди министр Кудайбердиева. “Шаарда бул боюнча өтө чоң көйгөй бар. Алар балдарды мектепке алууда, бүтүрүү кечелери жана башкалар. Мен 1-класска барып жатканда ата-энелерден, акча алууну жоюу боюнча биргелешкен буйрук чыгаруу боюнча сунуш киргиздим. Ага 1-класска киргенден тартып, дээрлик бардык акча чогултуулар, ошондой эле, буга ата-энелердин өз ыктыяры менен берген төлөмдөрү дагы кирет. Аларды өз ыктыярдуу деп атаганыбыз менен, андай эмес экенин баарыбыз билебиз. Учурда мектептерде коомдук бирикмелер жана ата-энелердин фонду түзүлүп, анда көп суммадагы акчалар чогулууда. Ал эми мектептердеги коомдук бирикмелер, ата-энелер фонду тарабынан көрсөтүлүп келген колдоолор жарым-жартылай жардам берүү үчүн өтө олуттуу деп эсептейм”- деди Г. Кудайбердиева.

Ошондой эле, министр бул чечимди аткарбагандар катуу жазаланаарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий