• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мектептердеги күзгү каникул 2-ноябрдан 10-ноябрга чейин созулат

Билим 0

Бишкек, 29.10.20. /Кабар/. Мектептердеги күзгү каникул 2-ноябрдан 10-ноябрга чейин созулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, майрам күндөрү эс алуу күндөрүнө туура келсе, эс алуу күнү майрам күндөрүнөн кийинки алгачкы жумуш күнүнө жылдырылат.

Муну эске алуу менен, күзгү каникулдар 2-ноябрдан баштап 10-ноябрга чейин созулат.

2020-жылдын 11-ноябры – II чейректин алгачкы окуу күнү.

Пикир

Оставить комментарий