• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мектептердеги окутуу 5 күндүк тартипке өтүүдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.12.17 /Кабар/. Кечээ, 18-декабрда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү экинчи окууда карап, жактырды. Анда мектептердеги окуу мөөнөтүн жумасына 5 күндүк ченемге өткөрүү жагы сунушталууда. Демилгечи депутат Дастан Бекешев бул норма менчик мектептерге да тишелүү, - дейт.

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, парламенттик телеканалды түзүү маселеси боюнча Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жумушчу тобунун сунушу да бул жолку олтурумдун күн тартибинде каралып, комитет мүчөлөрүнүн колдоосуна ээ болду.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейиндеги мумияланган аял кишинин сөөгүн жерге берген маселени изилдөө боюнча комитеттин жумушчу тобунун ортолук маалыматы да кызуу талкууну жаратты.

Пикир

Оставить комментарий