• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мектептердеги окуу жумалыгын 5 күндүк ченемге өткөрүү сунушталууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.01.18 /Кабар/. Мектептердеги окуу жумалыгын 5 күндүк ченемге өткөрүүнү сунуштаган «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамдын өзгөртүүлөрү бүгүн, 8-январда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин кезектеги жыйынында каралып, жактырылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эгерде окутуунун 5 күндүк ченеми ишке кирсе, ал менчиктин кайсыл түрүндөгү мектеп болбосун бардыгына бирдей тиешелүү болуп саналат.

Тармактык комитет ошондой эле «Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндөгү» мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү да үчүнчү окууда талкуулап, жалпы жыйындын кароосуна жолдоду. Анда фильмдин концепциясы туруктуулукка доо келтирүүгө, зордук-зомбулукка, ырайымсыздыкка, сабырсыздыкка эч качан чакырык жасабашы керек, - деп айтылат. Ошондой эле фильм порнографиялык сценарийлерди да кымтыбашы керек.

Пикир

Оставить комментарий