• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мектептерди оңдоого ата-энелер 2017-жылы 57 млн сом беришкен

Коом 0

Бишкек, 18.09.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкектин мектептерин оңдоого 2017-жылы 169 млн сом жумшалган. Анын ичинен 57 млн сом ата-энелердин төлөмдөрүнүн эсебинен топтолгон. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейманова билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан оңдоо иштерине 267 млн сом бөлүнүп, азыркы тапта да жумшалууда.

“Мэрия чатырды жана ички жылуулук тутумун оңдоо сыяктуу чыгымдуу иштерин аткарууда. Бүгүнкү күндө ата-энелер зор колдоо көрсөтүп жатышат. Чындыгында, ата-энелер коомдук фонддорго жана бирикмелерге акча чогултуп, мектептердеги косметикалык оңдоо иштери ата-энелердин эмгеги. Ата-энелердин каражаттары эч качан алынбайт, алар мектептин ичинде чогултулган акчаны кандай сарптоо керектигин өздөрү чечишет”, - деп түшүндүрдү Мейманова.

Ошондой эле, ал борбор калаадагы мектептердин 30% 1936-1953-жылдары курулганын кошумчалады. Билим берүү мекемелеринин имараттарынны эскилигине байланыштуу мэрия жылына капиталдык оңдоого бөлүнгөн каражаттарды көбөйтүүнү пландоодо.

Пикир

Оставить комментарий