• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мектептерди обсервация катары колдонсо болобу? Акматованын жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. Өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова мектептерди обсервация катары колдонсо болобу деген суроого жооп берди.

Анын айтымында, обсервацияны уюштурууда бир катар материалдык-экономикалык чыгымдар талап кылынат. "Обсервацияны уюштуруу жана бейтаптарды жаткырууга тиешелүү шарттар түзүлүшү керек. Эгер коронавируска шек саналган жарандардын саны көбөйсө, ошол эле учурда башка объекттер жок болсо, анда ал жерлер обсервация катары каралат", - деди ал.

Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 44 кишиге жетет. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 1 жана Бишкек шаарында – 3 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Мындан улам Бишкекте 20:00дөн 07:00гө чейин коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө болбойт. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий