• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкек мектептеринде "электрондук кезек" системасы ишке кирди

Коом 0

Бишкек, 15.02.19 /Кабар/. Бишкекте окуучуларды мектепке кабыл алуу боюнча электрондук кезек киргизилди. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги кабарлады.

Жаңы системага ылайык, мамлекеттик мектептерге 1-класстын окуучусун электрондук режимде кабыл алууга шарт түзөт.

Ошондой деле бул ыкма коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга жардам берет.

2018-жылдын аягына чейин Бишкектин мектептеринде "электрондук кезек" системасы пилоттук долбоор катары сыналып келген.

Эми бул долбоор Кыргызстандын башка аймактарында да иштетилет.

Пикир

Оставить комментарий