• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мелис Калыковдун Баткен облусунун прокурорунун өлүмүнө түз тиешеси бар – ИИМ

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.11.18. /Кабар/. Кармалган Баткен шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыковдун Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө түз тиешеси бар. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Утемисов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, тергөөдө Калыковдун прокурорду өлтүрүүгө тийиштиги бар экендигинин бардык далилдери бар.

“Тергөөнүн алкагында бардык иш-аракеттер жүргүзүлдү, ошондой эле кылмыш куралы алынып, бир катар экспертизалар жүргүзүлдү. Учурда ишти ар тараптуу иликтөө жүрүүдө. Буга чейин аталган кылмышка прокурорлордун тиешеси бар экендиги тууралуу маалыматтар жарыяланган, бул маалымат азыр текшерилип жатат”, - деди Утемисов.

Ал ошондой эле Мелис Калыковдун бул окуяга түз тиешеси бар экендигин кошумчалады.

Эске салсак, Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун сөөгү 18-ноябрда Баткенде табылган. Аны өлтүрүүгө шектелип Баткен шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыков кармалган.

20-ноябрда соттун чечими менен ал СИЗОго 2 айга камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий