• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мелис Турганбаев: Айсулуунун аракети аябай жакшы болду

Спорт 0


Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. Айсулуу Тыныбекованын аракети аябай эле жакшы болду, бул Олимпиада да, күчтүүнүн күчтүүсү финалга чыгат, мелдеш курч өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын эркин күрөш федерациясынын вице-президенти Мелис Турганбаев билдирди.

Анын айтымында, Айсулуу алтын алууга өтө жакын болду. «Биринчи бөлүктө Айсулуу толкунданып кетти окшойт, ал эми экинчи бөлүктө жыйынып, өзүнө келгенче убакыт өтүп кетти. Мында убакыт деген аябай тар да. Ошонун негизинде утулуп калды окшойт, бирок аябай чоң даярдык менен келген. Атаандаштары күчтүү болду. Алтын алса жакшы болмок, бирок Олимпиаданын күмүш медалы дагы жакшы. Эгемендүүлүк алгандан бери бизде медалдар жокко эсе болчу. Буйруса 2 күмүш, 1 коло медалга ээ болдук. Алдыда дагы беттештер бар. Алардан дагы медалдарды күтөбүз», - деди ал.

Эскерте кетсек, бүгүн Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарынын финалында япониялык балбанга 4:3 эсебинде жеңилип, күмүш медаль тагынган.

Пикир

Оставить комментарий