• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мен 500 миң еврону санап бир кишиге бергем - Маевскийдин катчысы

Укук тартиби 0

Кабар, 5-июль /Кабар/. Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин жана ӨКМдин мурдагы министри Дүйшөнкул Чотоновдун соттук процесси уланды.

Эскерте кетсек, кылмыш иши Россиялык бизнесмендин арызынын негизинде козголгон. Анда ишкер Леонид Маевский Альфа-Телекомдун башкаруусуна аралашуу үчүн депутатка 1 миллион доллар бергенин жазган. Ал эми 2006-жылы “Скай Мобайл” компаниясын башкарган Алексей Модин Текебаевди Маевский менен тааныштырганын айткан.

Ө. Текебаевге жана Д. Чотоновго кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин негизинде кылмыш иши ачылган.

5-июлдагы соттук жыйында судья Айбек Эрнис уулу Наталья Самсонкинанын көрсөтмөсүн окуду. Ал 2010-жылы Леонид Маевскийдин катчысы болуп иштеген. Тергөө Москвада жүрүп жатат.

Н.Самсонкина Алексей Модин менен ал Москвага сүйлөшүүгө келгенде таанышканын айткан.

Суроолорго жооп берип жатып, күбө 2010-жылдан ушул күнгө чейин Кыргызстандык эч ким менен таанышпаганын жана сүйлөшпөгөнүн билдирген. “Маевскийди Дүйшөн деген абонент менен байланыштыргам фамилиясын билбейм. 2010-жылдын жаз мезгилинде компанияга Кыргызстандан 10 адамдан турган өкүлдөр келген. Мен алар менен учурашып Маевскийдин иш бөлмөсүнө киргизгем. Алардын бирөөсү Маевскийге кайра кирген. Сүйлөшүүлөрдүн маңызы менен тааныш эмесмин. Мага Кыргызстанда кызмат ээлеген адамдар Маевскийден акча талап кылганы белгисиз”,-деп жазылат маалыматта.

Маевский Кыргызстандагы кызматта отурган адамдарга акча бергендиги боюнча маалыматың барбы деген суроого, ал ооба билем деп жооп берген: “Мен акчаны өзүм санагам, болжолу менен 500 миң евро болчу. Ал учурдагы доллардын курсу менен 700 миң доллар эле. Аны Маевскийдин тапшырмасы менен баштыкка салынган абалында жогоруда айткан өкүлдөрдүн бирине бергем. Ал славян келбетиндеги 35-37 жаштардагы киши болчу. Мындан тышкары 2010-жылдын жай айларында Маевский 300 миң долларды санап коюумду суранган болчу. Аны ал Кыргызстандык бирөөгө берген. Бул тууралуу мен ал Кыргызстанга барып келгенден кийин сүйлөшүү учурунда билгем”,-дейт.

Күбө Маевский акчаны кандай шартта, кимге бергенин билбейт. Ал Ө. Текебаевди, Талант Маматкеримовду жана Д. Чотоновду билбейт.

Булагы: АКИпресс

Пикир

Оставить комментарий