• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мен 8 кылмыш ишинин катышуучусу эмесмин – Бакыт Шаршенбиев депутаттын билдирүүсүн төгүндөдү

Коом 0

Бишкек, 03.10.18. /Кабар/. Технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршенбиев Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековдун анын 8 кылмыш ишинин катышуучусу экендигин айткан билдирүүсү боюнча маалымат берди.

“Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Шаршенбиев өзүнө козголгон кылмыш иши жок экендигин белгиледи.

“Мен эки кылмыш иши боюнча күбө катары өтүп жатам. Төртөө боюнча баш тарткан материалдар берилди, дагы экөө боюнча, мен кайсылар экендигин билип жатам, суракка да чакырылган жокмун. Мен функционалдык түрдө ага катыша албайм”, - деп кошумчалады ал.

Шаршенбиев ал күбө катары өтүп жаткан иштер – санариптик көрсөтүүгө өтүү долбоору боюнча 50 миң доллар өлчөмүндө эмгек акысын төлөө жөнүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы кызматынын козгогон иши.

“Мен ошол учурда РПОР РМТнын башчысы кызматын ээлегем. 50 миң доллар бүтүндөй долбоорго төлөнгөн. 54 станция орнотулуп, монтаж жүргүзүлгөн, техникалык адистерибиз окутулган. Экинчи иш була-оптикалык линиясын сатууда менин аралашканым тууралуу экен. Эч кандай сатуу болгон эмес”, - деди ал.

Мамлекеттик комитеттин башчысы депутат Момбековдо кайдан мындай маалымат бар деп кызыкты.

“Өкмөттү түзүүдө Жогорку Кеңеште ушул маселени көтөрүшкөндө, мен депутаттарга так ушундай жооп бергем. Эгер мындай негизсиз айып тагуулар улана турган болсо, мен жаран катары сотко кайрылам”, - деп кошумчалады ал.

Эске салсак, кечээ, 2-октябрда парламент депутаты Рыскелди Момбеков ЖМКларга Бакыт Шаршенбиев 8 кылмыш ишинин катышуучусу экенин айткан.

Пикир

Оставить комментарий