• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Мен Бишкекти сүйөм" инсталляциясын талкалаган бейбаштын туугандары келтирилген зыянды төлөп беришти

Коом 0

Бишкек, 30.11.18 /Кабар/. “Мен Бишкекти сүйөм” инсталляциясын талкалаган бейбаштын туугандары 60 миң сом өлчөмүндөгү келтирилген зыянды толугу менен төлөп беришти. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Милиция кызматкерлери тарабынан 15-ноябрда Чүй проспектиси менен Жаш Гвардия көчөсүнүн кесилишинде орун алган "Мен Бишкекти сүйөм" инсталляциясын атайылап талкалап кеткен факты аныкталган.

Милиция кызматкерлери изи суук электе инсталляцияны талкалаган 1991-жылкы М.у.Т., аттуу 27 жаштагы баланы кармашкан.

Келтирилген чыгым 60 миң сом деп бааланган. Аталган инсталляция жакынкы убакта калыбына келтирилип, кайра мурдагы ордуна коюлат.

Пикир

Оставить комментарий