• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мен үчүн ардактуу наам алуу кубанычтуу болду — Гүлшан Конушева

Коом 0

Бишкек, 29.08.20 /Кабар/. Кечээ, 28-августта Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишмердүүлүгүндө чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө карата «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Дээрлик 100дөн ашуун адам ар кандай сыйлыктарга ээ болушту.

Алардын бири К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын атайын фортепиано кафедрасынын башчысы Гүлшан Конушева, ал сыйлык жана өзүнүн иши тууралуу айтып берди.

«Мен 4 жашымда музыка менен алектене баштадым, 5 жашымда болсо Беловодск айылындагы музыка мектебине бардым. 3-класстан баштап Москва шаарында Москва консерваториясынын алдындагы борбордук музыкалык мектепте окудум. Андан соң Москва консерваториясында билим алып, кийин Бишкекке кайтып келип, ассистент жана интернатураны аяктадым. Педагогдордун жана ата-энемдин жардамы менен айрым учурда жеңил эмес, бирок абдан кызыктуу музыкалык жолду басып өттү», - дейт Конушева.

Гүлшан Конушевага «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» деген ардак наам ыйгарылды. Анын айтуусунда, мындай жагымдуу кабарга дароо эле ишенишкен жок.

«Алгач ишенген жокмун. Мага маданият министринин орун басары телефон чалды. Мен мындай болушу мүмкүн эмес деп айттым. Мен бул оңой эмес экендигин түшүнөм, анын үстүнө бизде классикалык искусство анча бааланбайт. Кийин абдан кубанычта болдум. Жумуштагыларга, ата-энеме, эжеме чалдым», - дейт өз сөзүндө Конушева.

Пикир

Оставить комментарий