• 84.8
  • 96.11
  • 1.1

Мен келин болуп келгенде тойго эч ким келбей койгон – кыргызга келин болгон орус кызы Зоя апа

ТАГДЫР 0

Кыргыз тилинде так сүйлөгөн, кыргыздын салтын мыкты билген, башынан жоолук түшпөгөн, бирок өңү-түсү нак орус болгон Зоя апаны көргөндө, атасы орус болгон го деген ой келет. Бирок апабыз Россияда өсүп-чоңойгон, кыргыз дегенди өмүрү көрбөгөн орустун эле кызы экенин көбү биле бербейт. Турмуштун жазыгы менен Кыргызстанга келип, бул жакка келин болуп калганы бир жомоктой угулат. Зоя апанын кызыктуу тагдырын төмөнкү маекте сунуштайбыз.

Зоя апа Россиядагы Иванов облусунун Иваньково айылында 1938-жылы жарык дүйнөгө келген. Мектепти аяктагандан кийин дене тарбия институтун бүтүрүп жергиликтүү мектепте мугалим болуп иштеп калган. Совет доорунда Орто Азия мамлекеттеринде мугалим жетишсиз болгондуктан, Россиядан кадрларды туш тарапка жиберүү көнүмүш иш эле. Ошондо 17 жаштагы Зояга Кыргызстанга мугалим болуп иштөө сунушу келгенде, башка жакка барып эл көрүп, жер тааныгысы келген каарманыбыз дароо макул болгон.

Алгач эле Нарын облусунун Кочкор районуна келип, жергиликтүү мектепте орус тилинен сабак берип калган. Дал ошол жактан келечектеги өмүрлүк жары менен таанышкан.

“Мен жаңы келгенде бир эски курулуштан жатакана беришти, анын эскилиги жеткен, кээ бир бурчунун тешиктеринен карасаң жылдыздар көрүнөт. Ошол жерде жашадык, кийин Мадин деген бала менен таанышып калдым, ал орусчаны жакшы билет экен. Экөөбүз сүйлөшүп жүрүп, баш коштук. Анан бир кызык болду, ошол жерде бир орус жок, же мен кыргызча билбейм. Бирок, көп туугандарыбыз жок болчу, жолдошумдун ата-теги ал жер эмес Чүй облусунун Кичикемин деген жеринде экен. Кочкордо алты жыл жашап эки балалуу болгондон кийин, туугандар Кичикеминге көчүрүп келишти”, - деп айтып берип отурда Зоя апа.

Зоя апанын айтымында, Кочкордогу алты жылдын ичинде кыргызчаны түшүнүп калган, бирок сүйлөй алчу эмес. Кызыктын баары туугандардын арасына келгенде башталган.

“Биз жаңы Кичикемин айылына көчүп келгенде, менин кайнатам жок экен анын бир тууганы кошуна турушчу, ошолор мага кайната, кайнене болушту. Зейне деген апам (менин кайненем) жаңы келин деп кой союп, түлө өткөрмөкчү болуптур. Тегеректин баары туугандар да кыргыз кыз калбай калгансып орусту аласың деп, эч ким келбей койсо болобу. Мен деле байкабаптырмын, көрсө жолдошум жини чукул адам болчу, велосипед тээп, колуна бычак алып айылдын башынан баштап “Мен келин алсам эмнеге келбейсиңер! Баргыла!” – деп баарын айдап келген экен. Ошентип той өткөргөнбүз”, – дейт ал күлүп.

Азыр күлүп эстегени менен учурунда далай кыйынчылык көргөн Зоя апа тагдырдын сыноолору жөнүндө да айтып берди. Кайненеси Зейне апа айылдагы аш-тойлорго ээрчитип барса, жаман көргөндөр таш менен урган күндөрү да болгон экен. Бирок убакыттын өтүшү менен кыргыздын салтын үйрөнүп, ислам динине өтүп, айылдын сүйүктүү келинине айланып калган. Ал эми бул жакка келин болгонун өзүнүн ата-энеси кандай кабыл алганы тууралуу буларды айтты:

“Ата-энем бул кабарды укканда кубанган жок. Кийин бир жолу келишти, ал кезде жашоо кыйын, бир кичинекей кепеде жашачубуз. Менин жашоо шартымды көрүп, бул жерде кантип жашайсың деп, алып кетем дешти, бирок мен кеткен жокмун. Бул жер менин үйүм болуп калган эле. Кийин мен балдарымды, неберелеримди Москвага, үйүмө алып барып жүрдүм, бирок алар бул жакка келишкен жок.”

“Үй-бүлөлүк жашоо тууралуу айтсам, жолдошум аракты жакшы көрчү. Арак болгон жерде чыр болот да, бир жолу таарынышып кетип мен Россияга кетем деп бекем чечтим да, үйдөгү мал жандын баарын сатып, куржунумду асынып эки баламды жетелеп аялдамага чыктым. Автобус күтүп турсак, экинчи класстагы улуу балам “Орусуңа барбайм” деп качып кетсе болобу. Каякка кеткенин билбейм, айтор кечке чейин издеп таппай койдум. Анан айла жок баламды таштай албай, калып калдым”, – деген апабыз мындан кийин дагы төрт бала төрөгөн.

Ошентип кыргыздын аялы көргөн сыноолордун баарынан өткөн Зоя апа, азыркы учурда 18 небересинин, 19 чөбөрөсүнүн төрүндө бактылуу чоң эне. Кыргызча так сүйлөгөн, салтты бекем карманган апабыздын каны орус болсо дагы жүрөгү кыргыз деп согуп калганы анын ар бир сөзүнөн, жашоого көз карашынан, а түгүл кыймыл-аракетинен да көрүнүп турду.

Маектешкен Айсулуу Кабылбекова

Пикир

Оставить комментарий