• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Мен силердин күйөрманыңармын, жеңишиңерди күтөм – Жээнбеков Азиаданын катышуучуларына

Президент 0

Бишкек, 07.08.18. /Кабар/. Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын спорттук курама командасын XVIII Азия оюндарына узатуу салтанатын өткөрдү.

Узатуу аземи бүгүн, 7-августта “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп, мамлекеттик гимн менен башталды.

“Мен бүгүн силер менен – өлкөнүн эң мыкты спортчулары менен жолугуп жатканыма кубанычтамын. Эң мыктылар гана ушундай чоң, Олимпиада оюндарынан кийин турган мелдештерге жолдомо утуп алууга жөндөмдүү”, - деди президент.

Ал Азия континентинде миллиондордун арасынан тандалма болуу чоң жетишкендик экенин, ал үчүн талыкпас эмгек кылыш керектигин белгиледи.

“Силердин чемпиондук титиулду утуп, Кыргызстандын желегин бийик желбиретериңерден үмүтүбүз чоң, ишенебиз. Силердин жеңишиңер кыргыз элинин чоң жеңиши болот. Мен силерди эң күчтүү, патриот, тайманбас кыргыз элинин кыздары жана уулдары деп эсептейм. Бардык кыргызстандыктар сыяктуу мен силер менен, жетишкендиктериңер менен сыймыктангым келет”, - деди Жээнбеков.

Ал ошондой эле күчтүү спортчуларды тарбиялоодогу жасаган аракеттери үчүн машыктыруучуларга ыраазычылыгын билдирди.

“Силер спортчуларды тарбиялоо үчүн көп күч короттуңар. Алардын ичкен тамагына чейин көз салып, өзүңөрдүн балдарыңардай карадыңар. Эми силер аларды туура сөздөрдү айтуу менен жеңишине түрткү болушуңар керек”, - деди президент.

Мамлекет башчысы өзү мурдагы спортсмен катары алардын жүрөктөрүнүн толкундануу менен согушун сезип жатканын, оюндардан алардан чоң ийгиликтерди күтүп жатканын кошумчалады. Президент эл аралык мелдештердин аянтчасына биринчи кадам жасай турган эки спортчуга Кыргызстандын желегин тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий