• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мен сизди сүйгөн үчүн бактылуумун – жаш акын Турсунай Калмурат кызы

Аналитика 0

ЖОЖдор арасындагы "Мыкты студент" сынагынын жеңүүчүсү, Прогрессивдүү Демилгелер фондунун "Намыс", Ыйык Ата Журт коомдук жаштар фондунун стипендиянты Турсунай Калмурат кызы. Жаш болгонуна карабай бир катар маданий иш чараларга жигердүү катышып, кыргыздын алдыңкы кыздарынын катарын толуктап келет. Бүгүн сиз менен биз жаңыдан гана чыгармачылыкка кадам таштап, жанды эргиткен жагымдуу чыгармалары менен жан дүйнөбүздү сугарып келген Турсунай сулуунун чыгармачылыгына саякат жасайбыз.

Кыргыз болуп төрөлгөнүмө сүйүнөм

Дегеле, эң алгач кыргыздын кызы болуп төрөлгөнүмө сүйүнөм. Алай дегенде Курманжан энебизди, Курманжан Датка дегенде Алайдын керемет тоолору эске түшөт эмеспи. Мен ошол абасы тунук, бийик тоолуу Алайдын Талды-Суу деген айылынан болом. Чоң атам менен чоң энемдин колунда өсүп, акыл токтотуп калганда гана өзүмдүн ата-энемдин колуна келип, мектепти Кара-Балта шаарындагы Полтавка орто мектебинен аяктагам. Андыктан бактылуу балалыгыма бакытка балкыткан тоолор, кооз жайлоолор, шаркырап аккан дарыялар өзгөчө күбө... Айылдык кыздын бир кездеги кыялдары орундалып, азыр студент. БГУнун журналистика жана маалыматтар системасы факультетинин 3-курсун аяктадым.

Ата-энем - асылдарым. Айсбергдерим.

Мени бары көп бир тууган деп ойлошот. Бирок, биз үй-бүлөдө эки бир тууганбыз. Менден кийин сиңдим бар. Буйруса быйыл 11-класс болот. Бир сөз менен айтканда менин күзгүм. А ата-энем жашоодогу ишенген, мени кыйынчылыкта колдоп, баарына жардам берип, кеңешин айткан асылдарым. Айсбергдерим. Негизи үй-бүлөм жөнүндө досторумдун арасында көп кеп кылбайм. Кимдин кызы болгонум маанилүү эмес, кандай кыз болуп, керекке жарап алардын көзүндөгү кубанычын көрүү, ошол мен үчүн чоң бакыт.

Бизде жоопкерчиликтүүлүк биринчи планда

Анан мен атама көбүрөөк окшошмун. Сыртым деле, кыял-жоруктарым деле. Бизде жоопкерчиликтүүлүк биринчи планда, кечигүү, бир нерсени айтып убактысында аткарбай калуу деген жокко эссе. Баары ордунда туруш керек, айттыбы жасаш керек, бүтүрүш керек.

Поэзияга олуттуу мамиле жасай баштадым

Үйдө улуусу, улуу небере да болгондуктан эрте токтолдум окшойт. Тоого кой-эчки, уйларды кайтарганча, жаныма китептерди салып алчумун жөн отурбай окуганча келейин деп, китептердеги ырлар көбүрөөк поэзияга болгон шыгымды ачса керек. Көрсө, кийин билдим атам ыр жазаарын. Эмнеге токтотуп койгон азырынча сурай элекмин. Мектеп учурунда гезиттерге, андан кийин акын Б.Карагулова жетектеген "Кыздар ай" адабий клубуна мүчө болуп окучу кезимден тарта "Кыздар ай ", "Саамалык" ж.б. ырлар жыйнагына чыгармаларым жарык көрө баштады. Анан радиолордон, эфирлерден ыр окуганы барып калганда сүйүнүп калчубуз. Азыр жок, тескерисинче ырга, поэзияга олуттуу мамиле жасап, көз карашым өзгөрүп, жазган ырларым анча көңүлүмө толбой калган учурлары көп эле. Чоң акындардын алдында сындатып, үлгү алып, кээде чөнтөктөн чыгарбай каткан учурлар болот. Жасап эмес, ыр менен жашап жазууга, жүрөгүм менен сүңгүп кирүүгө аракет жасай баштадым. Дагы алдыда жагымдуу көз ирмемдерге чогуу күбө болоорбуз.

Ар бир күнүмдү коёндой окшош өткөрүүдөн качам. Сынактар, иш-чаралар өзүңө болгон ишенимди күчөтөт. “Максаты жок адам жүгөнү жок атка окшош” дегендей, ар бир нерсеге убакытты туура бөлүштүрүп, таштап койбой, аягына чейин чыгарып, жагымдуу жыйынтыкты көрүү көзгө пайда болсо, келечекке шам-чырак. Адам өзүн ар кайсы багытта сынап көрсө өсүп, тажрыйба алат эмеспи. Сөздөн ишке деп жаштардын жакшы жагын көрсөтүүгө ар дайым аракет кылып келебиз.

Сыр каткан каармандар

Билбестен сүйдүм дагы анын тегин,

Бир гана турду ал деп каным менин.

Беш сомдук кагазыңа алмаштырбайм,

Беш томдук Жантөшөвдун Каныбегин.

Кээленбей тулаң чөбүн алып жегин,

Кээ бирде билбей турам анык кебин.

Ашыгын азыркыдай мендей күтүп,

Эскермек Курманжан да Алымбегин.

Көрүшпөй жүзүн кечип жети айдын,

Калгандай колун булгап кези майдын.

Күйгүзүп салбаганда балким сүймөк,

Биз өңдүү Раймаалысы Бегимайдын.

Курч чыгып күндүн жүзү таңы жаздын,

Курчаган берип сүйүү дагы жаздың.

Жүрөктүн согушунан жеңип чыккан,

Бактылуу Жамилясы Даниярдын.

Ширесин жуткан сымак кулпунайдын,

Укчу сен. Сүйгөнүмдү укчу Айым.

Сыр болуп баратабы сага да миң,

Сыйкырдуу каарманыТурсунайдын.

Гүл тартып кеттиңиз махабаттан

Себебин билбейт жүрөк жактыруунун,

Сезими баш ийбеген ал учурдун.

Мелмилдеп көзү ачылган жаш булактай,

Мен сизди сүйгөнүчүн бактылуумун.

Сүйүүгө барбы жокпу убактыңыз,

Сүйлөшүп багыт ойду уланттыңыз.

Ажайып кооздугундай айтып бүтпөс,

Алайдын тоолорундай кучагыңыз.

Күн болуп күндө чыгып ээлигиппиз,

Муз болуп түбү акыр ээридикбиз.

Гүл тартат жүзүмө от махабаттан,

Бир ирет жакындаса эриниңиз.

Себебин билбей жүрөк жактыруунун,

Мен сизди сүйгөн үчүн бактылуумун.

Даярдаган Нурсулуу Нуркамилова, "Кабар"

Пикир

Оставить комментарий