• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Мен толугу менен өзүмдүн жоопкерчилигимди сезип турам” - ТИМ башчылыгына талапкер

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.10.18. /Кабар/. “Мен толугу менен өзүмдүн жоопкерчилигимди сезип турам”, - деп билдирди Жогорку Кеңештин жыйынында тышкы иштер министри кызматына талапкер Чыңгыз Айдарбеков.

Депутат Ирина Карамушкина ал мындай жогорку кызматта иштей абалы деген суроо салды. Айдарбеков ага жооп берип жатып, өзүнүн жоопкерчилигин толугу менен сезип жаткандыгын билдирди.

“Бул сунуш мен үчүн күтүүсүз болду. Алдыда көп жумуш турат. ТИМ бул тышкы саясатты көзөмөлдөгөн ведомство. Бүгүнкү күндө ТИМдин айланасында көптөгөн сындар айтылууда. Ар бир суроо боюнча дыкат анализ жургүзөбүз”, - деди ал.

Белгилей кетсек, учурда Жогорку Кеңеш КР ТИМ башчылыгы кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин карап жатат.

Анын талапкерлигин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев киргизди.

Пикир

Оставить комментарий