• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Менде 200 сом бар. Саякатка кантип топтосом болот

Коом 0

Бишкек, 18.06.20. /Кабар/. Океандын жээгинде ынгайлуу шезлогнда тропикалык коктейль менен эс алуу айрымдар үчүн кол жеткистей сезилет. Бирок, каражатты сабаттуу бөлүштүрө келгенде мындай эс алууга маянасы орточо адам да бара алат. Ишенбейсиздерби? Биз силерге азыр айтып беребиз.

Сизде 200 сом бар деп коелу. Бул көп деле акча эмес, чоңураак бир нерсе сатып ала албайбыз. Ошол себептен биз бул акчаны майда-чүйдөгө коротуп салабыз.

200 сомго эмне келет? 4 литр кола, 1.5 кружка кофе, таксиге 2 жолу түшсө болот, 1,5 шаурма же 2 куту тамеки. Буларды сатып алган соң 2 сааттан кийин унутуп калабыз. Эми күн сайын 200 сомдон топтоп турса эмне болоорун көрөлү.

Акча калтырунуу унутуп калган бир нече күндү эске алуу менен 25 күн деп эсептейли. Ошондо айдын аягында 5000 сом топтолот. Бул сумманы 12 айга көбөйтсөк 60 000 сом чыгат.

Бул сумманы чыгымдап салбоо үчүн депозитке салган жакшы. Бул максаттар үчүн “Бакай Банктын” “Капитал” депозити ыңгайлуу. Депозитти 12 айга ачабыз да 9% чен белгиленет (эффективдүү чен 9,4%). Эгер биз жылына 60 000 топтосок, жыйынтыкта 65 600 сом алабыз. Доллардын азыркы куну менен эсептегенде 800$ тегерегинде.

Сумма бар, эми ага эмне кылса болот. Туристтик агенттиктердин баракчаларын ачып ар кыл багыттагы арзан турларды караштырабыз. Алардын айрымдары булар:

  • Египет (8 күн, 5 жылдыз мейманкана, эртең мененки тамак, жол кире) - $500;
  • Түркия (8 күн, 4-5 жылдыз мейманкана, эртең мененки тамак, жол кире) - $300;
  • Гоа (8 күн, 4-5 жылдыз мейманкана, эртең мененки тамак, жол кире) - $800;
  • Дубай (7 күн, 4-5 жылдыз мейманкана, эртең мененки тамак, жол кире) - $600;
  • Вьетнам (7 күн, 4 жылдыз мейманкана, эртең мененки тамак, жол кире) - $800;
  • Хайнань (7 күн, 5 жылдыз мейманкана, эртең мененки тамак, жол кире) - $750;

Бул анча көп эмес акчаны чогултуу адатынын бир эле мисалы.

Айтмакчы, сиз акчаңызды дагы бир ыңгайлуу жол менен топтосоңуз болот. Бул үчүн банктын филиалын издеп, кезекке туруунун кереги жок. Каалаган терминалды таап MegaPay электрондук капчыгын толтурасыз. Капчыкта 1000 сом топтолгон соң “Бакай Банктагы” депозитти толуктасаңыз болот жана Bakai24 же Bakai Online сервистерин колдоно аласыз.

Контакт-центр 24/7:

  • bakai.kg;
  • 6111 (уюлдук телефондордон);
  • +996 554 006 111 (WhatsАpp);
  • КРУБ № 043-Лиц.

Пикир

Оставить комментарий