• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Менде сот реформасын ишке ашырууга саясий эрк бар — Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 30.06.20. /Кабар/. "Менде сот реформасын ишке ашырууга саясий эрк бар", - деп билдирди КРнын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда парламенттин кезексиз жыйынында сөз сүйлөп жатып.

Президент билдиргендей, өлкөдө адилет сот системасы орномоюн, мамлекет өнүкпөйт, катардагы жарандарыбыздын укугу корголбойт.

"Сот-укуктук реформа кайсы мамлекетте болбосун жеңил-желпи ишке ашпайт. Бизде да эң оор реформалардын бири мына ушул сот-укуктук реформа болууда.

Реформага киришип жатып, мен соттордон “Реформа жасаш үчүн эмне керек?” деп сурадым. Сот корпусу “саясий эрк жана акча каражаты” деди. Менде сот реформасын ишке ашырууга саясий эрк бар. Бул менин президенттик ишимдин маңызы. Анткени, карапайым калктын укугу адилеттүү сот системасы орногондо гана корголот. Акыркы эки жылда сот системасына республикалык бюджеттен каражат жетиштүү жумшалып, өтө чоң колдоо болду. Санариптештирүүгө каражат үзгүлтүксүз бөлүнүп турду. Имараттар оңдолду. Кыскасын айтканда, саясий эрк бар, каражат жетиштүү", - деди президент.

Бирок, соттордун абийири болбосо, саясий эрк жана акча каражаты системаны жаңыртууга жетишсиз экенин биздин турмушубуз көрсөтүүдө, - дейт Жээнбеков.

"Сот реформасынын ийгилиги – ар бир соттун абийирине түздөн-түз байланыштуу. Башка реформалар сыяктуу эле сот реформасы токтобойт. Каршылык көрсөтүүлөргө карабастан, реформанын натыйжасына жетишүү үчүн болгон аракетти жумшап жатабыз, улантабыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий