• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Менин мотивациям — силерсиңер! Тыныбекова кыргызстандыктарга рахматын айтты

Спорт 0

Бишкек, 22.04.22./Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кыргызстандыктарга колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Бүгүн менин Азиянын бешинчи жолку чемпиону болууга мүмкүнчүлүгүм бар эле.

Колумдан келген аракетти жасадым. Эки жолку кармашта утуп, финалга да жеттим. Бирок, тилекке каршы, чечүүчү мүнөттөргө келгенде жаракат алып калдым. Профессионалдуу спортто мындай учурлар болот экен.

Өтө көп жазганга шартым болбой турат. Бирок, ошентсе да колдоолор үчүн чоң рахмат! Колдоолорду мен ар дайым сезип келем жана дал ошол колдоолор мага дем берет.

Менин эң негизги мотивация жана эргүү алуучу булагым - силерсиңер!», - деп жазган Тыныбекова.

Белгилей кетсек, Тыныбекова Монголиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга татыды.

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова буга чейин Токио Олимпиадасынын күмүш медаль ээси, кыз-келиндер арасында күрөш боюнча дүйнөнүн эки, Азиянын төрт жолку чемпиону болгон.

Азия чемпионатында кыз-келиндер күрөшү боюнча Айпери Медет кызы (76 кг) алтын, Мээрим Жуманазарова (68 кг) күмүш медаль тагынган. Ал эми грек-рим күрөшү боюнча балбандар жалпы алты медаль багындырышты:

Алтын медаль:
Жоламан Шаршенбеков - 60 кг;
Тынар Шаршенбеков - 63 кг;
Акжол Махмудов - 77 кг.

Коло медаль:
Адилхан Нурланбеков - 72 кг;
Үзүр Жузупбеков - 97 кг;
Роман Ким - 130 кг.

Чемпионат 19-24-апрель аралыгында Улан-Батор шаарында өтүүдө.

Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий