• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Менин эмгегимди баалагандарына кубанычтамын — Рая Султаналиева

Коом 0

Бишкек, 29.08.20. /Кабар/. Кечээ, 28-августта Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишмердүүлүгүндө чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө карата «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Дээрлик 100дөн ашуун адам ар кандай сыйлыктарга ээ болушту.

Алардын бири И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин илимий иштер жана тышкы байланыштар боюнча проректору Рая Султаналиева сыйлык жана жумушу жөнүндө айтып берди.

«Мен аталган окуу жайда 45 жылдан бери эмгектенип келем. Алгач лаборанттыктан баштап, кийин физика кафердасын жетектедим. Университет - бул менин экинчи үйүм. Сыйлык мени тапты. Мен физика-математика илимдеринин докторумун жана менин адистигим боюнча ушундай наамга ээ биринчи айым болуп саналам. Дээрлик 20 жыл убакыттан бери республикалык масштабдагы физика олимпиадасын жетектеп келем. Чет өлкөгө чыкканда мен республикабыздын улуттук лидери болом. Жыл сайын мен балдарды эл аралык олимпиадаларга алып барып, ар дайым сыйлык жана медалдар менен кайтчуубуз», - дейт Рая Мамакеевна.

Ошондой эле Султаналиева бул анын биринчи сыйлыгы эмес экендигин кошумчалады.

«Мен буга чейин президенттен грамота алганмын, ал эми 2010-жылы болсо билим берүүнүн эмгек сиңирген кызматкери наамына ээ болгом. Арадан 10 жыл өткөндөн кийин медаль алдым. Мен абдан кубанычта болдум. Коомчулукка жана менин эмгегимди баалаган Билим берүү министрлигине абдан ыраазымын», - дейт сыйлык ээси Рая Мамакеевна.

Пикир

Оставить комментарий