• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Менин үйүм 2021-2026” ипотекалык насыялоо программасы. Өзгөчөлүгү жана шарттары

Экономика 0


Бишкек, 25.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. "Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымынын орун басары Урмат Кокочаров “Менин үйүм 2021-2026” ипотекалык насыялоо программасынын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.

Ага ылайык:

- мурунку “Арзан турак жай 2015-2020” программасында арыз-документтерди жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аркылуу кабыл алынса, эми жарандар документтерди электрондук түрдө бере алат.
- насыялык насыялардын да пайыздык чени мурун 6-8 болсо, эми 4%га түшүрүлдү;
- ипотека насыянын мөөнөтү 15 жылга чейин болсо, эми 25 жылга чейин узартылды;
- насыянын максималдуу суммасы 3 млн сом болсо, мындан ары 4 миллионго жогорулатылды;
- батирлердин чарчы метрине чектөө болгон болсо, эми чектөө алынды;
- мурун пилоттук негизде курулуш жүргүзүлгөн болсо, мындан ары курулуш аймактарда массалык түрдө жүргүзүлөт;
- программанын катышуучуларына мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер катыша алса, эми бардык жарандар катыша алат;
- мурун 3 млрд 300 млн сомдун тегерегинде каржылоо каралса, мындан кийин 30 млрд сом каралууда;
- басым республикалык бюджетке коюлуп келген болсо, эми донорлор, инвесторлор, баалуу кагаздарды чыгаруу жана турак жай фонду түзүлөт.

“Курулуш иштери август айында башталат. Ошондой эле бул программада баштапкы төлөм болбойт. Эгер каалоочулар кааласа баштапкы төлөмдү төлөсө болот”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий