• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Менин программам куру убада эмес, реалдуу ишке ашырыла турган документ - С.Жээнбеков

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 28.09.17 /Кабар/. Менин программам куру убада эмес, реалдуу ишке ашырыла турган документ, деп билдирди КР Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Чүй областынын Кемин районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Ал белгилегендей, программа анын көп жылдык мамлекеттик башкаруу практикасынан, эл менен баарлашуунун негизинде түзүлгөн. «Менин программам жөнөкөй элдин көйгөйлөрүн чечип, акыркы жылдардагы жетишкендиктердин баарын бекемдөөгө багытталган. Бизде өсүш менен өнүгүүгө бардык потенциал бар. Эң башкысы, мамлекетте туруктуулук сакталып турат. Биз өзүбүзгө ишене баштадык. Өнүгүү жолуна түштүк. Башка өлкөлөр менен тең укуктуу кызматташтыкты жөнгө салдык. Эми экономиканын мындан аркы өсүшү жана элдин бакубаттуулугу үчүн талыкпай иштешибиз керек. Биз бул максатка жетебиз», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 28.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий