• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мэр А.Кадырбаевдин жылдык отчётун депутаттар канааттандырарлык деп табышты

Коом 0

Бишкек, 13.03.18. /Кабар/. Бүгүн, 13-мартта Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XII сессиясы өтүүдө,-деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардык кеңештин депутаттары, вице-мэрлер, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана коомдук активисттер катышууда.

Сессиянын күн тартибине 2017-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча Ош шаарынын мэринин отчету каралды.

Анда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 2017-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча отчет берип, шаардык депутаттардын суроолоруна жооп берди. Жыйынтыгында шаардык кеңештин депутаттары мэрдин жылдык отчетун канааттандырарлык деп табышты.

Күндүн экинчи жарымында сессия уланып анда калган 10 маселе каралат.

Пикир

Оставить комментарий