• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мэр Алмаз Мамбетов Ош шаарындагы курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 17.09.21./Кабар/. Кечээ, 16-сентябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Ош шаарындагы курулуш компаниялардын жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу мэриянын басма сз кызматы билдирет.

Жолугушууда мэр шаардын өнүгүүсүндө шаардык инфраструктураны жакшыртуунун, өзгөчө шаардык архитектураны түзүү аркылуу туристтерди тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде компаниялардын жетекчилери объектилерди курууда кыйынчылыктарды жаратуучу көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү, анын ичинде Сулайман-Тоо буфердик зонасы, суу коргоо зонасы, электр линияларына жакындык.

Мындан тышкары, көп кабаттуу жаңы үйлөрдү жылуулук тармактарына кошуу үчүн кубаттуулукту жогорулатуу маселеси айтылды.

Жолугушуунун аягында мэр курулуш компаниялары менен фирмаларынын жетекчилерин шаардын жыргалчылыгы үчүн жигердүү иштөөгө жана жергиликтүү бюджетке салыктарды ачык төлөө аракетин көрүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий