• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад мэри футбол академиясынын курулушунан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Кечээ, 26-январда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков тийиштүү жетекчилер менен биргеликте, жеке ишкерлер тарабынан курулуп жаткан футбол академиясынын курулушунан кабар алды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Учурда аталган жайда курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Футбол академиясын ушул жылы пайдаланууга берүү пландалган.

Эскерте кетсек, академия акыркы технологияларды колдонуу менен курулууда. Бул жерде 7 жаштан 17 жашка чейинки 200гө жакын бала билим алат. Мындан тышкары, 18 жаштан жогорку балдардан турган эки команда машыктырылат. Академияда үч чоң жана эки кичи-футбол аянтчасы, жабык спорт залы, унаа токтотуучу жай, ашкана жана жатакана болот.

Пикир

Оставить комментарий