• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мэр Мамбетов Ош шаарын өнүктүрүү программасын коомдук талкууга алып чыкты

Аймак 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 26-октябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов акыркы төрт жыл аралыгында Ош шаарын өнүктүрүү боюнча программасын коомдук угууга алып чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, шаардык кеңештин депутаттары, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканаларынын жетекчилери, кызматкерлери, эксперттер, жарандык активисттер жана массалык маалымат каражатынын өкүлдөрү катышты.

Шаар башчысы Алмаз Мамбетов таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча 12 иш-чара иштелип жатканын белгилеп, санариптешүү негизги приоритеттүү багыттарынын бири экендигин билдирди.

"Таза суу менен камсыздоодо ар тараптан эксперттерди чакырып, акылдашып жатабыз. Жакында Ташкент шаарынан да адистер келип кетишти. Суунун көлөмү көтөрүлгөндө да маселе жаралат экен, андыктан 1 жарым жылдык убакыт коюлду. Учурда иштер жүрүп жатат. Заман талабына ылайык кызмат көрсөтүү багытына да өзгөртүүлөр кириш керек. Санариптешүү кызмат көрсөтүүнү жакшыртууга өбөлгө түзөт. Андыктан бул тармакта ыкчам иштер жүрүп жатат. Мындан тышкары, социалдык, коммуналдык, чарбалык иштерди жөнгө салуу үчүн бир топ иштер, багыттар программада каралган", - деди Мамбетов.

Жалпы программаны ишке ашырууга 18 млрд. сомдон ашык сумма талап кылынат. Бул сумма жергиликтүү жана республикалык бюджеттен, гранттык долбоорлордон каржылана тургандыгын шаар башчысы кошумчалады.

Коомдук угууда катышуучулар социалдык, экономикалык жана туризм, коммуналдык чарба, курулуш, санариптештирүү боюнча 5 секцияда иш алып барып, программага кошумча сунуштарды беришти. Талкуу учурунда жарандык активисттер, шаар тургундары өз сунуштары менен чыгышты.

Белгиленгендей, Ош шаарын 2021-2025-жылдарда өнүктүрүү программасы дагы өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү үчүн бир айлык мөөнөт менен коомдук угууга коюлду. Кошумча демилгелер кабыл алынган соң, программа шаардык кеңештин кароосуна киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий