• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мэр Ош шаарынын четиндеги курулушу кечеңдеп жаткан мектепке барды

Аймак 0

Бишкек, 12.09.18. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов “Курманжан Датка -2” аймактык кеңешиндеги Ирригатор көчөсүндө жаңыдан курулуп жаткан 275 орундуу мектептин курулуш иштеринин жүрүшүнөн кабар алды.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, мектептин курулушу кечеңдеп, каражат бөлдүрүү маселеси турат. Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан көзөмөлгө алынып курулуп жаткан мектептин сметалык баасы 66,5 млн. сомду түзөт.

Ал эми тендердик баасы 54 млн.сомго “Биримдик XXI кылым” ЖЧКсы утуп алган. Мектептин дубалы тургузулуп, чатыры жабылган. Бүгүнкү күнгө чейин 27 млн сомдук иштер аткарылган.

Шаар башчысы калган акчаны бөлдүрүү маселесин көтөрөөрүн жана шаар четиндеги окуучуларга мектетин курулушу тездеши керектигин айтты.

Аталган мектеп республикалык бюджеттин эсебинен курулууда.

Пикир

Оставить комментарий