• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мэр Сарыбашов күтүүсүздөн Оштогу паспорт столдун ишин текшерди - фото

Аймак 0

Бишкек. 03.04.19 /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов күтүүсүздөн шаардык паспорттук-визалык жана каттоо иштеринин бөлүмүнө барды.

Мэр кезекте турган жарандардан тейлөөнүн сапатын сурап, иштин жүрүшү менен таанышты.

Калаа башчысы кызматкерлерге жарандарга сылык мамиледе болууга жана тейлөө өз убагында аткарылышы керектигин билдирди.

Паспорт алууга келген жарандар мэрге сунуш-пикирлерин айтышты.

"Өлкө башчыбыз быйылкы жылды аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү деп жарыялаган. Жарандарды заманбап тейлешибиз керек. Шарттар жакшырыптыр. Элибизге мындан да сапаттуу тейлөө керек. Паспорт алуу үчүн айлап күтүү деген болбош керек. Азыр бардык нерсе тез жана сапаттуу ишке ашуусу керек. Бир адам бир документ алууга бир канча күнүн кетирбеш керек", – деди мэр.

Пикир

Оставить комментарий