• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мэр Сарыбашов: Ош шаарында эпидемиологиялык абал туруктуу

Аймак 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Ош шаарында эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу шаардын мэри Таалайбек Сарыбашов түштүк аймактагы акыркы статистикалык маалыматтар менен тааныштырып жатып билдирди.

Мэрдин айтуусуна караганда, Ош шаарында коронавируска чалдыккандарга караганда, оорудан айыккандардын саны көбөйүүдө.

"Ош шаарында 111 адам коронавирус жуктурган болсо, учурда алардын 72си айыгып чыкты. 34 адам ооруканада жатат, эки адам каза болгон. Ал эми 149 адам обсервацияда жатат, алар күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Оорунун очогу болгон аймактарда дезинфекция иштерин жүргүзүп, дарыгерлер менен биргеликте көзөмөлгө алуудабыз", - деп билдирген мэр Ош шаарында эпидемиологиялык абал туруктуу экендигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1-майга карата коронавирус жуктурган 10 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 756га жетти. Алардын ичинен 504 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий