• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мэр Сарыбашов Ош шаарынын баскетбол боюнча командасына каржылык колдоо көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 25.02.20. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов баскетбол боюнча шаардын «Номад Ош» курама командасын кабыл алды. Мэр Кыргызстандын чемпиондугу үчүн мелдештерге жөнөп жаткан командага 60 миң сом тапшырды.

«Спортко өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Шаардык мэриянын астында футбол жана волейбол боюнча клуб бар. Биз кийинки жылдан тарта баскетбол боюнча да клуб түзүп, каржылашыбыз керек. Алдыдагы чемпионатта да ийгиликтерди жаратасыңар деп ишенем. Биз билимдүү, спортту сүйгөн, патриот жаштар менен өзгөртүүлөрдү жасай алабыз», - деди мэр.

Өткөн 2019-жылы Кыргызстандын баскетбол боюнча Биринчи лигасынын чемпионатында «Номад Ош» курама командасы өлкөнүн чемпиону болгон.

Пикир

Оставить комментарий